Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремлде Украинадагы жаңжалга түз аралашып жаткан мамлекеттер аталды

Пентагондо АКШ 2026-жылы Германияга алыска сокку уруучу системаларын жайгаштыра баштай турганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Германия, АКШ, Франция, Улуу Британия Украинанын айланасындагы чыр-чатакка түз катышып жатат. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.
Андан журналист Павел Зарубин АКШнын ыраакка атылуучу ракеталарын Германияга жайгаштыруу боюнча пландарына комментарий сураган.
"Ошол эле Германия, АКШ, Франция, Улуу Британия Украина жаңжалына түз аралашып жатат", — деп жооп берди Песков.
Буга чейин Пентагондо АКШ 2026-жылы Германияга алыска сокку уруучу системаларын жайгаштыра баштай турганы, мүнөздөмөсү, сапаты жагынан Европада турган азыркы техникадан кыйла жогору болору айтылган. Мында кеп негизинен SM-6, Tomahawk ракеталары жана "гиперүндүү курал" тууралуу болуп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операция: Польша Украинаны абадан калкалоого ниеттенип жатат