Эл эсинде жаш бойдон калган Таттыбүбү... Актриса бүгүн 80ге чыкмак

Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Жумгал районунда жарыкка келген.
Sputnik
Сулуулугу, назиктиги, баео мүнөзү менен кимди болбосун кайдыгер калтырбаган Таттыбүбү Турсунбаева болгону 37 жыл жашады. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү кино дүйнөсүнө 16 жашынан аралашкан. Алгачкы жолу "Салиманын ыры" кыска метраждуу тасмасына тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык институттун драма жана кино актеру факультетине тапшырып, үч жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.
Театрда Шекспир, Лопе де Вега, Лорка, Ч.Айтматов, Карим жана Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун образдарды алып чыккан. Кино жаатында "Акмөөр", "Кызыл алма", "Уркуя", "Саманчынын жолу" тасмаларында роль жаратып, атагы чыккан.
Жолдошу жана кесиптеши Имаш Эшимбеков менен бир кыздуу жана уулдуу болушкан. Таттыбүбү Турсунбаева 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында каза тапкан.
Тема боюнча:
Жасалма интеллект сулуу деп тапкан 15 кыздын сүрөтү
Режиссерлордун кыялын ишке ашырган сүрөтчү. Муса Абдиевдин сүрөттөрү
85 жашка толмок. Дооронбек Садырбаевдин сүрөттө калган элеси