Радио

Каныбеков: пробация кардарларын ресоциалдаштырууга басым жасалат

Пробация департаментинин контролдук-инспекциялык бөлүмүнүн башкы адиси Эламан Каныбеков пробация кардарлары менен иштешүүдө аларды социумга кайтарууга көңүл коюларын айтты.
Sputnik
Учурда биздин коомдо кайталап кылмыш жасоо процессин көп деп айтууга болбойт, мында Пробация департаментинин эмгеги бар. Мындай пикирин Эламан Каныбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган мекеменин негизги олуттуу тапшырмаларынын бири пробация кардарларын ресоциалдаштыруу болуп саналат.
"Дүйнөлүк тажрыйбада кайталап кылмыш жасоо жети пайыздан ашып кеткен учурда жогорку көрсөткүч болуп саналат. Учурда бизде 1,58 пайызды түзөт. Андыктан өлкөдө пробация кардарларынын кайталап кылмыш жасоосу көбөйүп кетти деп айтууга болбойт. Албетте, пробация кардарларынын кайра кылмыш дүйнөсүнө тартылуусу жок эмес. Бизге кардарлар соттун чечими менен келип түшөт, ал чечимден биз баш тарта албайбыз. Башкача айтканда, жаран соттолгонго чейин башынан эмнелерди өткөргөнү, жакындары менен кандай мамиледе болгону, жан дүйнөсү кандай абалда экени белгисиз да. Бизге кандай психологиялык жаракаты менен келип түштү деген тамыры терең суроолор жатат. Анын баары соттук отурумдарда көрүнө калбайт да. Ар бир пробация кардары менен биздин дасыккан психологдорубуз иштешип, кандайдыр бир жан дүйнөсүн өйүгөн маселелери болсо баарлашып турушат. Кардарды социумга кайтаруу үчүн атайын программаларыбыз бар. Анын баарынан өтүшөт, — деди Каныбеков.
Ал пробация кардарлары мекемеде катталуу учурунда ар кандай кесиптик кыска окутуулардан өтүп, келечекте жумуш таап иштеп кетишерин кошумчалады.