Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Орбан Трамп Украинадагы жаңжалды чече турганын билдирди

Венгриянын премьер-министри Вашингтондогу НАТО саммитинен кийин Трамптын жеке Мар-а-Лаго резиденциясындагы жолугушуусунан тартылган кадрларды жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина боюнча тынчтык демилгесинин алкагында АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен жолугушуу өткөргөнүн айтып, анын "Украина маселесин чечем" дегени жакшы кабар экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз тынчтык орнотуу жолдорун талкууладык. Жакшы кабар бар, ал бул маселени чече алат", — деп Орбан соцтармактагы баракчасына жазган.
Ошол эле учурда ал Трампты президент деп дагы атаган. Мындан тышкары, жолугушуунун видеосун жарыялап, "Тынчтык миссиясы 5.0. Мар-а-Лаго" деп жазган.
Өлкөсү Евробиримдикке төрагалык кылган Орбан акыркы күндөрү Киев, Москва жана Пекинге барып, НАТОнун саммитине дагы катышты. Россияга барып, президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүктөн Батышта катуу сынга кабылган.
НАТО саммитинин алкагында Орбан Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен да сүйлөштү. ЖМКлардын маалыматына караганда, ал азыркы америкалык лидер Жо Байден менен жолугушууну суранган эмес.
Путин менен эпке келсе болот экен. Орбандын Россияга сапары Батышка бүлүк салууда