ӨКМ: Бишкетин четиндеги өрттөн 3 гектар арпа күйүп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкектин четиндеги эгин талаадан чыккан өрт саат 22:04тө толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ведомство ошондой эле өрт буга чейин айтылган Ак-Ордо 3 конушунда эмес, Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында болгонун тактады.
Тилсиз жоонун кесепетинен үч гектар арпа, талаанын четинде жаткан 3 куб курулуш материалдары өрттөнүп кеткени айтылды. Бактыга жараша, өрттөн жабыркаган адам жок.
Чолпон-Атада парашют сүйрөгөн катерлердин ишине убактылуу тыюу салынды