Бишкектеги эгин талаадан өрт чыкты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бүгүн, 12-июлда, Бишкек шаарындагы Ак-Ордо 3 конушундагы эгин талаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта, жерине эки эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 21:21де чектөөгө алынганы айтылат. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. ӨКМ кошумча маалымат берерин билдирди.
Нөшөрлөп жаан жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты