Пресс-борбор

Орунтаев: турсезон аяктагыча Ысык-Көлдөгү мыйзамыз курулуштарды алабыз

Мамкурулуш "Алтын кумда" мыйзамсыз курулган имараттардын ээлерине жайдын аягына чейин иштөөгө уруксат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жайкы туристтик сезондун аягына чейин Ысык-Көлдүн айланасындагы мыйзамсыз объектилер алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Sputnik Кыргызстан редакциясында өткөн брифингде билдирди.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев
"Мыйзам боюнча, көлдөн 100 метр радиуста эч нерсе болбошу керек. Буфердик зонадагы мыйзамсыз курулуштарды буздурдук. Бардык талаптарды эске алуу менен тургузулган объектилер бар. Аларга тийбейбиз. Буюрса жайкы сезон жайынтыкталгыча бүткөрөбүз", — деди Орунтаев.
Мамкурулуштун башчысы "Алтын кум" (Золотые пески) пансионатын мисал келтирип, ал жерде мыйзамсыз курулган имараттар көп экенин айтты.
"Ээлерине күзгө чейин иштөөгө мүмкүнчүлүк бердик, күзүндө алар алынат", — деди Орунтаев.
Пресс-борбор
Орунтаев: Асман шаарынын качан курулуп бүтөрүн айтуу мүмкүн эмес