Улуттук банк кечээ валюта рыногунан 34,3 млн. доллар сатып алды

Жыл башынан бери Улуттук банк 14 ирет интервенция жүргүзгөн, көбүндө чет элдик валюта сатып алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бейшемби, 11-июлда, Улуттук банк валюта рыногунан 34,3 миллион доллар сатып алды.
Кечээ эртең менен долларды сатуунун орточо курсу 86 сом болчу, акырындан төмөндөп бүгүн таңга маал 85,85ке жетти.
Учурда чет өлкөлүк валютаны сатуу 85,6 сомдон 86,2 сомго чейин жетүүдө (кечээ 85,7 сомдон 86,3 сомго чейин).
Улуттук банк валютанын олку-солкулугун ооздуктап туруу үчүн доллар сатып же сатып алат.
Жыл башынан бери финансылык көзөмөлдөөчү мекеме 14 ирет интервенция жүргүзгөн:
долларды үч жолу сатты — суммасы 38,5 миллион долларды түздү;
11 жолу сатып алган — суммасы 299 миллион 250 миң болду.
Май айында Кыргызстандан сыртка 32,4 млн. доллар которулду