УКМК: Таласта облустун үчтөн бир бөлүгүнө тете жер мамлекетке кайтарылды

Жер 4 миллион 465 миң 550 сомго бааланып, Экология министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Таласта облус аймагынын жарымына тете жер мамлекеттин карамагына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, маркум Камчы Көлбаевдин мүлкүн аныктоо иш-чараларынын алкагында аңчылык жерлер аныкталган.
"Компаниянын директору А.у.А. маркум Камчы Көлбаевдин жакын адамы Р.Т.К. менен жакын мамиледе болгон. Талас облусунун жалпы аянты 1 миллион 140 миң гектарды түзсө, анын 423 миң 966 гектары компанияга таандык болгон. Бул облустун аянтынын үчтөн бир бөлүгү болуп саналат", — деп айтылат.
Жер 4 миллион 465 миң 550 сомго бааланып, Экология министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүп берилгени кошумчаланды.
"Кыргыз мерген" ишканасын түзүү сунушталууда. Максаты