Садыр Жапаров мүрзөгө эстелик орнотуп айланасын коруп алууга каршы болду

Мамлекет башчы көрүстөнгө эстелик орнотуп короолоп алуу ислам динине дагы туура келбестигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мүрзөгө эстелик орнотуп айланасын коруп алууга каршы экенин "Ала-Тоо 24" каналынын "Көрүстөн көйгөйү" көрсөтүүсүндө айткан.
Мамлекет башчы өлкөдө түз жер алты пайыз экенин, сөөк коюлган жерлер кийин иштетилиши керектигин белгиледи. Жапаров чоң ата, чоң энесинин сөөгү коюлган жерлерди көрсөтүп, мурун аларга да эстелик койгонун айтып берген. Бирок атасы 1990-жылдардын аягында ажыга барып келгенден кийин шарият боюнча эстелик коюуга болбой турганын айтып, эстеликтерди алып койгонун кошумчалады.
"Мен президент башым менен кылбагандан кийин айылдагы кара чай, кара нан жеп отурган үй-бүлө дагы кылбашы керек. Кеп ысырапкорчулукта гана эмес, шарият боюнча да", — деди Жапаров.
Өлкө башчы ошондой эле уулу Дастандын мүрзөсүнө эстелик коюлбаганын көрсөтүп, жерге берүү жөрөлгөсүндөгү ашыкча ысырапкорчулук тууралуу дагы кеп кылган.
"Эстелик койбодук. Мен жыгачка эле аты-жөнүн жазып койгом, ал күнгө күйүп кеткен экен, жаңыртып койдук. Сөөгүн коердо туугандар "үч бодо мал даярдап койдук, жетеби" деп сурашты. Телефондон "тоок да сойбойсуңар" дедим. "Бишкектен бери келгендер ачка кетип, сөз кылат" дешти. "Мен той берген жокмун, аза күтүп жатам. Кан чыгарбагыла, боорсок да жасабагыла" дедим. 5 миңден ашык киши келди, эч ким сөз кылган жок", — деди өлкө башчы.
Талап кылардан мурун үлгү болгула. Садыр Жапаров той берген аткаминерлерди зекиди