УКМК: Ошто майыптардан акча опузалаган мамлекеттик кызматкерлер аныкталды

УКМК былтыр Араван райондук медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлери пара талап кылып кармалып, медициналык-социалдык экспертизанын түзүмүн реформалоо зарылдыгы айтылганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери адамдардын майыптыгын аныктоо үчүн акча талап кылган.
"Алар бейтаптарга жасалма тоскоолдуктарды жаратып, эксперттик комиссиядан өтүү этабында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп таануу жөнүндө маалым каттарды жазып берүүдө майыптыгын аныктоо даражасына жараша 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин акча каражатын опузалап алышкан. Акчалай сыйлык берүүдөн баш тарткан учурда майыптуулукту жана топторду аныктоо процесси жасалма түрдө создуктурулуп, натыйжада бейтаптар бир нече ай бою эксперттик корутунду ала албай келишкен", — деп айтылат маалыматта.
Аныкталган фактылардын негизинде кылмыш иши козголуп, аталган коррупциялык схемага тиешеси барларды аныктоо уланууда.
УКМК былтыр декабрда Араван райондук медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери да пара талап кылып кармалып, медициналык-социалдык экспертизанын түзүмүн реформалоо зарылдыгы айтылганын эске салды. Бирок ротациялоодон башка эч нерсе жасалбаганын жана ал коррупциянын кыскарышына таасирин тийгизбегени белгиленди.
УКМК: опузалап 2 000 доллар пара талап кылган журналисттер кармалды