Жаңы "Ош" базары менен Батыш автобекети көчүрүлө турган жердин видеосу

Бишкекте жаңы шаарча курулууда.
Sputnik
Ал Фучик көчөсүнүн батыш, Бишкектин түндүк-батыш тарабында жайгашкан. Борбор калаанын маалымат кызматы билдиргендей, аталган шаарчанын аянты 162 гектарды түзөт.
Бул жерге "Ош" базары менен Батыш автобекети көчүрүлөт, ошондой эле турак жайлар жана өнөр жай зонасы курулат.
Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 58 көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.
Базардын жанына мейманкана, бизнес-борбор, мечит, медициналык жана спорт борборлорун куруу пландалууда. Долбоорлонуп жаткан тилкенин түштүгүнө төрт кабаттуу турак жай комплекси, мектеп, балдар бакчасы, медициналык борбор жана бассейни бар спорт комплекс курулат.