Муфтий: деструктивдүү агымдар күчөп жатат, ага каршы илимий күрөш жүргүзүү зарыл

Муфтиятта кызматкерлердин жарым жылдык отчёту угулуп, көйгөйлөр талкууланганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Салттуу эмес диний багыттар, деструктивдүү агымдар күчөп жатат, аларга каршы илимий күрөш жүргүзүү биздин милдет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлеринин жарым жылдык отчёту угулуп жатканда муфтий Абдулазиз кары Закиров билдирген.
Маалыматка ылайык, жыйында ислам динин жамынган радикализм жана экстремизм менен күрөшүү, салттуу эмес агым өкүлдөрүнүн диний мекемелерде иштешине жол бербөө талкууланган.
"Мекемебизде айрым адистиктерден сырткары дээрлик баарынан терең диний билим талап кылынат. Эл аралаганда же медиага барганда чукул суроолор берилиши мүмкүн. Өзүбүздү өнүктүрүп, динибизге, элибизге, өлкөбүзгө ак кызмат кылалы. Азыр салттуу эмес диний багыттар, деструктивдүү агымдар күчөп жатпайбы. Аларга каршы калем менен куралданып, илимий күрөш жүргүзүү биздин милдет", — деген муфтий.
Ошондой эле КМДБнын алдында атайын топ түзүлгөнү, алар аталган чөйрөдөгү айрым көйгөйлөр боюнча иш алып барары кошумчаланды.
Баалуулуктарды кастарлайлы. Муфтият тууну өрттөгөн окуя боюнча үн катты