Акылбек Жапаров оңдолуп жаткан "Ала-Тоо" аянты менен жолдорду көрүп чыкты

Өкмөт башчы курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү, айлананы жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Акылбек Жапаров борбордук "Ала-Тоо" аянтын реконструкциялоонун жүрүшүн көрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Ушу тапта аянтка заманбап фонтан комплекстерин, ошондой эле 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотуу иштери жүрүп жатат.
1 / 4

Акылбек Жапаров борбордук "Ала-Тоо" аянтын реконструкциялоонун жүрүшүн көрдү

2 / 4

Ушу тапта аянтка заманбап фонтан комплекстерин, ошондой эле 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотуу иштери жүрүп жатат

3 / 4

Минкаб башчысы Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин кандай жүрүп жатканын да көрдү

4 / 4

Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын августунда бүтүрүү пландалууда

Минкаб башчысы Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин кандай жүрүп жатканын да көрдү. Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын августунда бүтүрүү пландалууда.
Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү, айлананы жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында борбор калаада иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери да талкууланды.
"Ала-Тоо" аянтын реконструкциялоо: мэрия жаңы эскиздерди көрсөттү