Матвиенко: КМШ өлкөлөрү да БРИКСке кирүүнү каалашы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттер БРИКСке кирүү каалоосун билдирип жатышат. КМШ өлкөлөрүнүн да кызыкчылыгы бар экенин жокко чыгарууга болбойт. Бул тууралуу РФ Федерация кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко билдирди.
СенатИнформ маалымдагандай, саясатчы БРИКСтин парламенттик форумунун алкагында өткөн КМШ ПАА Кеңешинин жыйыны өтө маанилүү экенин билдирген. Анткени парламент спикерлеринин деңгээлиндеги диалог кызматташуунун натыйжалуу механизми болуп саналат.
Анын айтымында, БРИКС форматындагы байланыштын алкагындагы биргелешкен иштерде КМШ өлкөлөрүнүн парламентарийлеринин сунуштары эске алынат.
Батыштын планы, БРИКСти бекемдөө. Путиндин кебинин урунттуу учурлары