Радио

Аким уулу: туристтик мезгилде ИИМ кызматкерлеринин иши күчөйт

ИИМге караган ЖКККББнын жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын улук тескөөчүсү Мирлан Аким уулу туристтер жол эрежесин бузган учурлар болорун айтты.
Sputnik
Туристтик мезгилде ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бул тууралуу Мирлан Аким уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, стратегиялык жолдордо милициялар, дарыгерлер жана куткаруучулар нөөмөттө турушат.
"Чет өлкөлүк эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоодо атайын чаптамалар (стикер) даярдалды. Анда туристтер жардамга же кырсыкка учураган болсо кайрыла турган даректер көрсөтүлгөн. Ошондой эле ишеним телефон номерлери жазылган. Мындай учурда ИИМ, ӨКМ, Башкы прокуратура жана Саламаттык сактоо министрлиги биргелешип иш алып барабыз. Азыркы тапта Боом капчыгайында пост уюштурулган. Ал жерде милициялар, дарыгерлер жана куткаруучулар нөөмөттө турушат. Эс алуучулар жол апаатына кабылып же кандайдыр бир жардамга муктаж болсо тез арада көмөк көрсөтүүгө даяр. Мындай пунктулар Ысык-Көлдүн өзүндө жана Төө-Ашууда бар. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен тыгындар пайда болуп, сел жүрөт эмеспи. Мына ошону алдын алып жарандардын коопсуздугун кароо максатында жолдордо тиешелүү кызматкерлер иштешет. Бул аракетибизди баалап, жакшы ой-пикирин айтып, укук коргоочуларга ыраазычылык билдиргендер да бар. Эс алуучулар жол сураганда же уйку-соо болуп келе жатканда колубуздан келишинче жардам көрсөтөбүз. Сый мамиле кылабыз. Кээде туристтер жол эрежесин бузган учурлар катталат. Аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт", — деди Аким уулу.
Ал жеке курам туристтер менен сылык, маданияттуу жана так болууга милдеттендирилгенин кошумчалады.