Чолпон-Атада парашют сүйрөгөн катерлердин ишине убактылуу тыюу салынды

Чектөө коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы үчүн киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бүгүн, 12-июлдан тарта, Чолпон-Ата шаарындагы көл жээгинде парашют сүйрөгөн катерлердин ишине убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта мындай чектөө экстремалдуу көңүл ачуу кызматында коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгына байланыштуу киргизилгени айтылат. Ал тиешелүү органдардын корутундусу чыкмайын күчүндө болот.
Буга чейин социалдык тармактарда Кара-Ой айылында парашют менен учуп бараткан эркек киши баласы менен бакка уруна жаздаган видеосу тараган. Ага чейин соцтармак колдонуучулары Чолпон-Атага жакын жерден парашютчан бараткан адамдар пирске уруна жаздаганын жазышкан.
Пресс-борбор
Орунтаев: турсезон аяктагыча Ысык-Көлдөгү мыйзамыз курулуштарды алабыз