БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы сууну керектөө нормасын бекитти. Тиешелүү токтом кабыл алынганын муниципалитет билдирди.
Бул ченем үйүндө суу эсептегичи жок тургундарга тиешелүү.
Кабыл алынган нормасы (суткасына бир адамга):
көчөдөгү колонкадан керектөө — 50 литр;
суусу бар борбордук канализациясы жок үйлөргө — 350 литр;
борбордук канализациясы, ысык суусу бар турак жай — 350 литр;
суу, канализация жана ысык суу менен камсыздалган көп кабаттуу үйлөр — 310 литр.
Буга чейин суткалык керектөө 35 литрден 170 литрге чейин өзгөрүп келген. Норма 1997-жылдан бери иштейт.
Муниципалитет буга чейин жер тамдардын ээлери атайылап эсептегичтерди орнотпой, ичүүчү сууну өтө ысырапкорчулук менен пайдаланып жатышканын билдирген. Мэрия керектөө көбөйгөн сайын эл суу эсептегичтерди орноторуна үмүт арткан.