Баткен менен Новосибирск облустарынын жетекчилери кызматташууну талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Новосибирск облусуна барып, губернатор менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Анда Баткен жана Новосибирск облустарынын бир катар чөйрөдө аймактар аралык кызматташуусу талкууланып, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
1 / 2

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Новосибирск облусуна барып, губернатор менен жолукту

2 / 2

Анда Баткен жана Новосибирск облустарынын бир катар чөйрөдө аймактар аралык кызматташуусу талкууланып, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

Мындан тышкары, аймактын бир катар бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп, кызматташуу макулдашылганы айтылды. Абдикарим Алимбаев Сибирдеги мамлекеттик телекоммуникация жана информатика университетинин ректору Юрий Зозуля менен жолугушуп, анда ЖОЖдорго Россия өкмөтү тарабынан жыл сайын берилүүчү квотанын алкагында Кыргызстандан IT багытында студенттерди кабыл алуу жана даярдоо маселелери талкууланды.
Иш сапардын алкагында Новосибирск шаарынын бизнес жана илимий чөйрөсү менен жолугушуу болуп, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланганы кошумчаланды.
Акылбек Жапаров: Кыргызстан Россиянын инвестициясына ачык