Пресс-борбор

Орунтаев: Асман шаарынын качан курулуп бүтөрүн айтуу мүмкүн эмес

Мамкурулуштун жетекчиси курулуштан күмөн саноонун кажети жоктугун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Асман шаарынын долбоору узак мөөнөттүү, курулуш качан бүтөрүн айтуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан редакциясында өткөн брифингде Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.
Ал президент Садыр Жапаров былтыр курулушка капсула салып, шаарды долбоорлоого жана курулушка старт бергенин эске салды.
"Инвесторлор шаарды долбоорлоп, алгачкы курулуш иштери башталды. Асман курулуп, өлкөбүздүн визиттик картасына айланат деп ишенебиз. Курулуш уланат. Күмөн санабай үмүт артыш керек. Башка инвесторлорду да тартуу зарыл", — деди Орунтаев.
Ал Асмандын курулушуна мамлекеттен бир да тыйын бөлүнбөгөнүн кошумчалады.
"Инвесторлор көп, алар акча сала башташты. Мындан ары бул долбоорго кызыгуу күчөйт. Курулушка да акча бар. Бул узак мөөнөттүү долбоор, качан бүтөрүн айтуу мүмкүн эмес. Баштапкы план боюнча, алгач ондогон имарат курулат да шаар барган сайын кеңее берет. Балким 10-20 жылга созулар, мөөнөтү тууралуу азырынча айта албайбыз. 1-1,5 жыл ичинде жаңы имараттар түшө башташы мүмкүн", — деди Орунтаев.
Бишкектеги буздурулган "Батуми" кафесинин ордуна сейил бак курулат. Эскиз