Акылбек Жапаров энергетиктерге 180 млн. сомдук техника тапшырды

Акылбек Жапаров 3-4 жылда республика электр энергиясы менен толук камсыздалып, экспортко чыгат деген ишенимин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна 30 даана атайын техника тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна 30 даана атайын техника тапшырды

2 / 4

Маалыматка ылайык, бул техникалар аймактык бөлүмдөргө жөнөтүлөт

3 / 4

Жапаров 3-4 жылда республика электр энергиясы менен толук камсыздалып, экспортко чыгат деген ишенимин билдирди

4 / 4

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, жакынкы аралыкта Кыргызстанга 600 миң эсептегич, 1000 трансформатор (ар бир бөлүштүрүүчү зонага 17ден) алынып, 300 чакырым кабель тартылат

Маалыматка ылайык, бул техникалар аймактык бөлүмдөргө жөнөтүлөт. Жапаров 3-4 жылда республика электр энергиясы менен толук камсыздалып, экспортко чыгат деген ишенимин билдирди.
"Техниканы сатып алууга 180 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл 271 миллион сомго 65 даана атайын техника сатып алынды. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 100 ишкана ачылат. Алардын баары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болгондо гана иштей алат. Өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшү сиздердин эмгегиңиздерден көз каранды", — деди Жапаров.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, жакынкы аралыкта Кыргызстанга 600 миң эсептегич, 1000 трансформатор (ар бир бөлүштүрүүчү зонага 17ден) алынып, 300 чакырым кабель тартылат.
Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСтин курулушу башталды