13-июлга карата аба ырайы

13-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ишембиде республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Талас аймагында 28…33, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 30…35, Ысык-Көл жеринде 23…28, Нарын өрөөнүндө 21…26 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында 33…35 градусту көрсөтсө, Чолпон-Атада 23…25 градуска жетет.
Нөшөрлөп жаан жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты