Олимпиада оюндары — 2024

Париж Олимпиадасына катыша турчу спортчулар допинг-тесттен кандай жыйынтык көрсөтүштү?

Sputnik
Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндары жакындап, ири спорттук мелдешке жолдомо алган спортчулар кызуу даярдык көрүп жатышат. Бирок Олимпиаданын өзүнүн принциптери, эрежелери бар. Аны ар бир атлет таанууга, сыйлоого милдеттүү. Анткени спорт таза атаандаштыктын негизинде болууга, жеңүүчүнү урматтоого багытталат. Алсак, допингге каршы күрөшүү чоң спорттун негизги бөлүгү болуп калды. Кыргызстандык спортчулар допинг-тесттен кандай өтүштү? Ал кантип аныкталат?
Спортчулар эмнелерге маани бериши зарыл? Ушул суроолорго жоопту "Улуттук допингге каршы борбору" дирекциясынын директору Нургүл Кермакунова берет.