Туристтик мезгилдеги жол коопсуздугу — Жол эрежесин сактоодо айдоочу жана жүргүнчүлөр эмнелерди билиши керек?

Sputnik
Туристтик мезгил башталды. Мындан улам ЖКККББнын кызматкерлери айдоочулар жана жүргүнчүлөргө жол эрежесин сактоонун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондой эле жолдордо милициялар, дарыгерлери жана куткаруучулар нөөмөттө турушат. Алар туристтер менен сылык, маданияттуу, так жана адептүү болууга милдеттендирилген. Мындан тышкары Бишкек шаарынын ичинде жол тыгындарын алдын алуу максатында рейддер жүрүүдө.
Жол эрежесин бузган учурда айдоочуга гана эмес, жолдо өтүү тартибин бузган жөө жүргүнчүлөргө да айып пул салынарын ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол кыймылын көзөмөлдө жана укук колдоону практикасы башкармалыгынын улук тескөөчусу, милициянын подполковниги Мирлан Аким уулу айтып берди.