Жайкы аптап бейтаптар үчүн эле эмес, дени сак адамдар үчүн дагы кооптуулук жаратат. Мындай ысыкта жүрөгү ооругандар өзгөчө сак болуусу керек. Буга байланыштуу “Аптаптын жүрөк ооруларына тийгизген таасири - жүрөгү ооругандар ысыкта кантип сактануусу керек?” деген теманын алкагында дарыгер менен маек курдук.
Жүрөк оорусуна байланыштуу актуалдуу суроолорго кардиолог Эламан Атабеков жооп берди.