1924-жылы Кара-кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, аны менен кошо өлкөнүн финансы системасы да түптөлгөн. Быйыл Финансы министрлигине 100 жыл болду. Каржы системасынын калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары, эгемендүүлүк жылдарындагы абалы жана бүгүнкүсү тууралуу Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров маек курду.