ЕАЭБде электробус чыгаруу сунушталып, Кыргызстан долбоорго кызыгууда

Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин электробустарды биргелешип чыгаруу долбооруна кызыгып жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Екатеринбург шаарында өтүп жаткан "Иннопром-2024" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Беларустун өнөр жай министри Александр Ефимов менен жолугушту.
"ЕАЭБде электробустарды чыгаруу боюнча Беларустун сунушу талкууланды. Пилоттук долбоор мамлекеттер аралык программанын алкагында ишке ашууда. Армения менен Кыргызстан буга кызыкдар болуп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Мишустин: ЕАЭБ өнөр жай тармагы үчүн арзан кредиттерге 1,8 млрд. рубль бөлөт