Украиналык нацисттер бир эле күндө 8 000 полякты кырып салган. Тарых барактары

1943-жылдын 11-июлу "кандуу жекшемби" деп аталып, тарыхта Польша эли кабылган Волынь кыргынынын туу чокусу катары калды.
Sputnik
Украиналык нацисттер бир эле күндө 8 000 поялкты кырып салган.
Бандерачылар кол салуу үчүн атайын эл сыйынууга чогулган жекшембини тандап алышкан эле, чиркөөгө чогулгандарды жылдырбай курчап, өрлтүрүүгө ыңгайлуу болгон.
Украиналыктар поляктарды мууздап кетип, үйлөрүн өрттөп, талап-тоношкон. Жай тургундарды айры, балта, чалгы, бычак сайып өлтүрүп, тирүүлөй өрттөп, сууга чөктүрүшкөн.
"Кандуу жекшемби" 8 000ге чукул кишинин өмүрүн алган. Көбү аялдар, балдар менен кары-картаңдар эле, өлтүрөр алдында аларды кыйноого алышкан.
Волынь кыргынында жалпысынан 100 000 поляк өмүрү менен кош айтышкан.
Бүгүн польшалыктар 1943-жылы ата-бабаларын ким өлтүргөнүн эстегиси келбейт. Ал эми өлкө бийлиги бандерачылардын урпактарына Россия менен согушууга жардам берип жатат.
Тема боюнча:
48 кишини тирүүлөй өрттөп жиберишкен. "Одессалык Хатынь" апаатына 10 жыл болду