Транспорт министри менен Жалал-Абад облусунун башчысы орун алмашты

Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет жетекчинин дагы бир жарлыгы менен Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Учурда парламент каникулда.
Транспорт министрлигин жетектеген Тилек Текебаев
Абсаттар Сыргабаевдин ордуна президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Транспорт министрлигин жетектеген Тилек Текебаев дайындалды.
Уларбек Шаршеев ШКУнун антитеррордук түзүмүнүн директору болду