Кайсы азык сексуалдык каалоону жогорулатууга жардам берет? Адистин кеңеши

Тизмеде күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн азыктар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Салмак таштоо боюнча адис, дарыгер Павел Исанбаев РИА Новостиге маек берип жатып төшөктө сексуалдык каалоону жогорулатууга жардам бере турган азыктарды атаган.
"Кедр жаңгагында аргинин деп аталган амин кычкылы көп. Аны жегенде кан тамырлар бошоп, жыныстык органдарга кан жакшы келе баштайт. Жыйынтыгында бул азык адамды дүүлүктүрөт. Дарбыз дагы ушундай касиетке ээ", — деген Исанбаев.
Дарыгер тизмеге брокколини кошкон. Анын курамында эркектер үчүн пайдалуу деген индол-3-карбинол бар.
"Бул эстрогенди азайтып, ошону менен катар тестостеронду жогорулатат. Тестостерон — бул каалоо! Цинкке бай жашылча-жемиш да сексуалдык каалоону арттырат. Маселен, кешью, ашкабак семичкеси, уйдун эти. Цинк эркектерде сперматозоиддердин санына түздөн-түз таасир этет", — деген дарыгер.
Адис кара шоколад менен кофе да жыныстык катнашты жакшыртарын айткан. Кара шоколаддын курамында кумарлануу, сүйүү жана каалоо сезимдерин пайда кылган фенилэтиламин бар. Тизмеден зайтун жана кокос майларын да көрүүгө болот.
Бул ооруга кабылган киши өмүр бою төшөк кумарынан кол жуушу мүмкүн