АКШнын союздаштары Байдендин шайлоодо жеңишке жетерине ишенбейт

Эксперт НАТО мүчөлөрү АКШ блокто башкы орунду ээлегенинен улам да президенттин саламаттыгына катуу түйшөлүп жатышканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Вашингтондо өтүп жаткан НАТО саммитинин катышуучулары АКШ лидери Жо Байдендин абалына тынсызданып, алдыдагы шайлоодо жеңишке жетерине ишенбей турушат. Бул тууралуу Eurasia Group аналитикалык борборунун президенти Ян Бреммер MSNBC каналына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Саммит катышуучуларынын пикиринде, Байден дагы төрт жыл иштей албайт. Төрт жылды кой, шайлоо кампаниясын тыңдап өткөрө аларынан күмөн санап жатышат", — деген Браммер.
Анын айтымында, саммитте баарлашкан өлкө башчыларынын баары Байдендин акыл-эси начарлагандыктан шайлоодо ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү кыйла төмөн экенин белгилешкен. Көбү президенттин бир айтканын улам кайталап, көптөн бери билген кишисин тааныбай калган учурлары арбын экенин кошумчалашкан.
Эксперт НАТО мүчөлөрү АКШ блокто башкы орунду ээлегенинен улам да Байдендин саламаттыгына катуу түйшөлүп жатышканын айтты. Союздаштар бийликке Американын альянста болушуна каршы чыккан Дональд Трамптын келишинен чочулап жатышат. Браммердин айтымында, Байдендин ден соолугу боюнча маселе улуттук коопсуздук менен байланыштуу болуп турат.
Түндүк Атлантика альянсынын кезектеги саммити Вашингтондо 9-июлда башталган, бүгүн жыйынтыкталат. Күн тартибине блоктун Киевге аскердик жардамды каржылоо жана координациялоодогу ролун күчөтүү, Россияга каршы туруу үчүн жамааттык коргонууну жакшыртуу жана Батыш менен Кытайдын каршылашуусу тереңдеп жаткан маалда Азия мамлекеттери менен кызматташууну кеңейтүү сыяктуу үч чоң маселе чыгарылган.
Байдендин саламаттыгы тууралуу кеп-сөздөр анын Трамп менен болгон теледебатынан кийин күчөгөн. Ал кеп жарышта такалып, оюн топтой албай кыйналган. Иш-чаранын соңунда президентти тепкичтен жубайы түшүрүп кеткен эле. Ушундан кийин Байдендин талапкерлигин алмаштыруу мүмкүнчүлүгү да айтыла баштаган. Анткен менен 81 жаштагы президент шайлоого катышуудан баш тартпай турганын расмий жар салды.
Байден менен Трамптын экинчи дебаты 10-сентябрга, ал эми президенттик шайлоонун өзү 5-ноябрга белгиленген.
НАТО коргонуусунун алсызданышына Россияны айыптоодо