Сот экс-министр Бейшеналиевди 1,5 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев. Архив
Айып пулдан тышкары мурунку министр мамлекеттик кызматта үч жылга чейин иштөө укугунан ажыратылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык соту мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевди күнөөлүү деп таап, мамлекетке 1,5 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Экс-министр "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп табылган. Айып пулдан тышкары, мурунку министр мамлекеттик кызматта үч жылга чейин иштөө укугунан ажыратылган.
Бейшеналиев райондук соттун 22-апрелде чыккан чечими менен макул болбой кийинки инстанцияга кайрылган. Бишкек шаардык соту 1-июлда ишти карап, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган.
Эске салсак, Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын бирине чет элдик студенттерди кабыл алуу үчүн 110 миң доллар пара алган деп 2022-жылдын сентябрында кармалган.
Судьянын иш орду. Архив
Соттор кеңеши Чүй облустук сотунун эки судьясын жоопко тартууга макулдук берди