Селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Селден улам Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Белгилей кетсек, Баткендин Ак-Татыр айылында сел жүрүп, 100дөн ашуун коңшу айылга көчүрүлгөн. Алардын теңинен көбү жаш балдар. Суу турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду жана айыл чарба жерлерин каптаган.
11-июлдун таңына карата Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде 14 техника жана 7 мотопомпа менен 121 куткаруучу иштеп жатат.
Баткендеги эл аралык маанидеги жолду сел каптады. Видео