Нөшөрлөп жаан жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ арыктарды тазалап, жээгин бекемдеп, таштанды таштабоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо 13-17-июль аралыгында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
"13-июлдан 17-июлга чейинки аралыкта туруксуз аба ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Коопсуздук эрежелери:
арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерден алыс экенине өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды