Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО дүйнө жүзүнөн Россияга колдоо көрсөтпөөнү талап кылды

Батышта акыркы мезгилде Украинадагы жаңжалга түз кийлигишүү тууралуу айтыла баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. НАТО дүйнө жүзүнөн Россияга колдоо көрсөтпөөнү талап кылып, жардам берген өлкөнүн баарын сындайт. Мындай билдирүү альянс мамлекеттеринин биргелешкен декларациясында айтылган.
"Бардык өлкөлөрдү Россиянын агрессиясына колдоо көрсөтпөөгө чакырабыз. Россиянын Украинадагы аскердик аракеттерин узартууга шарт түзүп, жардам берген бардык тараптарды сындайбыз", — деп белгиленген документте.
Түндүк атлантика альянсынын кезектеги саммити Вашингтондо 9-июлда башталган, бүгүн жыйынтыкталат. Күн тартибине блоктун Киевге аскердик жардамды каржылоо жана координациялоодогу ролун күчөтүү, Россияга каршы туруу үчүн жамааттык коргонууну жакшыртуу жана Батыш менен Кытайдын каршылашуусу тереңдеп жаткан маалда Азия мамлекеттери менен кызматташууну кеңейтүү сыяктуу үч чоң маселе чыгарылган.
Батышта акыркы мезгилде Украинадагы жаңжалга түз кийлигишүү тууралуу айтыла баштады. Франция президенти Эммануэль Макрон Украинага аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганын айтса, Улуу Британиянын мурунку тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Лондон берген ракеталар менен Россиянын аймагына сокку урулушун четке каккан эмес.
Шаршемби күнү Financial Times Британиянын Кир Стармер башында турган лейбористтик өкмөтү буга чейинки бийликтин чечимдеринен баш тартпай турганын жазган.
Ал эми НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг альянс Украинага аскер жөнөтпөй турганын, Зеленскийден мындай өтүнүч түшпөгөнүн билдирген.
Эскерте кетсек, июнь айынын башында РФ президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда өткөн эл аралык экономикалык форумда Россиянын альянска кол салуу ниети жоктугун кайталаган. Анын айтымында, мындай акылга сыйгыс кептин жардамы менен Батыш мамлекеттери империялык абалын сактап калуу үчүн элин жаңылтууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Стратегия жок. Пентагондун экс-кеңешчиси НАТОнун Украина боюнча аракети тууралуу