НАТО коргонуусунун алсызданышына Россияны айыптоодо

Декларацияда Россиянын Иран жана Түндүк Корея менен кызматташуусунун тереңдеши да евроатлантикалык аймак үчүн кооптуу экени белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. НАТО саммитинин жыйынтыктоочу декларациясында Россия менен Беларустун саясий жана аскердик кызматташуусу регионалдык коопсуздук менен альянстын коргонуусуна кесепетин тийгизип жатканы айтылат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Москва менен Минскинин саясий жана аскердик интеграциясы, Россиянын аскердик потенциалы менен өздүк курамынын Беларуста жайгашуусу регионалдык коопсуздук менен НАТОнун коргонуусуна кедергисин тийгизет", — деп айтылат документте.
Декларацияда ошондой эле Россиянын Иран жана Түндүк Корея менен кызматташуусунун тереңдеши да евроатлантикалык аймак үчүн кооптуу экени белгиленген.
Түндүк атлантика альянсынын кезектеги саммити Вашингтондо 9-июлда башталган, бүгүн жыйынтыкталат. Күн тартибине блоктун Киевге аскердик жардамды каржылоо жана координациялоодогу ролун күчөтүү, Россияга каршы туруу үчүн жамааттык коргонууну жакшыртуу жана Батыш менен Кытайдын каршылашуусу тереңдеп жаткан маалда Азия мамлекеттери менен кызматташууну кеңейтүү сыяктуу үч чоң маселе чыгарылган.
АКШга союздаш бир катар мамлекеттин тышкы иштер министрлери буга чейин Россия Түндүк Кореядан келген курал-жаракты Украинанын маанилүү инфраструктурасына сокку уруу үчүн пайдаланды деп айыптап чыгышкан. Пхеньян Москвага курал-жарак жөнөтпөгөнүн айтып келет. Өлкө ТИМинин башчысы КЭДР Россия менен курал-жарак боюнча эч кандай келишим түзбөгөнүн, айтылып жаткан кептер ушак-айыңдын деңгээлиндеги сөз экенин белгилеген.
Ал эми Россиянын Пхеньяндагы элчиси Александр Мацегора Түндүк Корея өзү согуштун босогосунда тургандыктан аскердик арсеналына муктаждыгы чоң экенин билдирген.
Батыш мамлекеттери Россияга учкучсуз учуучу аппараттарды жөнөтүп жатат деп Ирандан да шексинип келет. Москва менен Тегеран бул имиштерди да четке каккан. Иран ТИМинин башчысы Насер Канаани 22-декабрда билдирүү таратып, эч бир тарапка дрон жеткирбегенин айткан.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Ирандан дрон сатып алуу маселеси америкалык ЖМКлар тарабынан жасалма "токулганын" билдирген эле. Ал эми тышкы иштер министри Сергей Лавров маегинде Батыштын бул айткандары сөз боюнча калып, далилденбегенин айткан болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО дүйнө жүзүнөн Россияга колдоо көрсөтпөөнү талап кылды