Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөй башташты

Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөй башташты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, программаны Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда байкап көрүшүүдө.
Дрондор Ысык-Көл, Нарын тарапка кеткен айланма жолдо учуп, каршы тилкеге чыккандарды, катуу айдагандарды тартып алууда. Эреже бузгандарга протоколду дрон учкан жерден бир-эки чакырым аралыкта турган Кайгуул милициясынын кызматкерлери жазып берет.
ЖКККББ долбоор байкоодон (тесттик режим) өтүп жаткан учурда айып пул салынбай турганын белгиледи. Бирок инспекторлор эреже бузгандарды токтотуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жол инспектору менен айтыша кетти. Видео