Радио

Креативдүү экономиканын өзөгү эмнеде? Туризм боюнча эксперттин пикири

Бренддөө, туризм боюнча серепчи Максат Чакиев креативдүү экономиканын негиздери тууралуу пикирин билдирди.
Sputnik
Креативдүү экономика үчүн ХХ кылымдагы мамлекеттик структураларды өзгөртүү керек. Негизги багытты киреше алып келүүчү тармактарга буруучу мезгил келди. Бул тууралуу Максат Чакиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, маданият, маалымат, туризм жана кол өнөрчүлүк тармагы колго алынса жылына бюджетке эки миллиард доллар киреше түшөт.
"Креативдүү экономика боюнча президенттин жарлыгы чыгып, иш башталганы сүйүндүрөт. Көп тармактарга көз караштар өзгөрүүдө. ХХI кылымда тармактык түзүмдөр башкача түзүлгөн. Мурда мамлекеттин ичиндеги структураларга жана түзүлүлүштөргө мамиле башка эле. Азыр маданият, өзгөчө кырдаалдар жана айыл чарба тармагына министрликтин канчалык деңгээлде кереги бар деген суроо туулат. Алар толугу менен дотацияланган. Буга карабай министрликтин статусун берип койдук. Ал эми мамлекетке чоң киреше алып келүүчү тармактарга департамент, башкармалык өңдүү 2-3-деңгээлдеги статустар берилген. Азыркы көз караш менен алып караганда, бул туура эмес. Советтер Союзунан калган көз караш менен жашап жаткандайбыз. Учурда дүйнө жүзү туризмге көңүл бурууда. Алыс кетпей эле Өзбекстанды алалы. Туризмдин статусун көтөрүп, башка алкактан карап жатышат. Жеке баамымда жылына бюджети 5-10 миллиард долларга чейин табууда. Ал эми биз туризмди ылдыйкы деңгээлге чейин түшүрүп кармоодобуз. Ошондой эле маданият тармагы да акча алып келет. Бирок Кыргызстанда бул тармактан өлкөгө бир да тыйын келген жок. Өнүккөн өлкөлөр маданият тармагын коммерциялык структурага айлантып коюшкан. Маданий чөйрөдөгүлөр өзү үчүн гана акча таап жатат. Бизде мамлекет маданий мекемелердин айлыгын берип, кайсы бир иш-чара болсо ырчы-чоорчуларды алып барып ырдатышат, болду. Ушул үчүн министрликтин кереги барбы? Дүйнөдө fashion жана маалымат тармагы миллиарддаган доллар алып келүүдө. Буга да көңүл бурулбайт. Кыргызстандагы телеканалдардын баары бюджеттин эсебинде отурганы аз келгенсип, министрлик статусун алышкан. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дүйнө жүзүндө департаменттин эле деңгээлинде болууда", — деди Чакиев.
Ал креативдүү экономиканын өзөгүндө туризм, маданият, маалымат, fashion тармагы жана кол өнөрчүлүк турушу керектигин кошумчалады.