Милицияга түнү уйку бербегендер менен күрөшүү укугун кошуп берүү сунушталды

Учурда түнкүсүн ызы-чуу чыгарып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөндөргө даттануу тийиштүү натыйжа бербей турганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ички иштер органдарына калк жашаган пунктуларда, коомдук жайларда тынчтыкты бузгандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун ИИМ демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Маалыматта түнкүсүн ызы-чуу чыгарып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөндөргө даттануу тийиштүү натыйжа бербей калганы айтылат. Анткени бул чөйрөнү жөндөгөн Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти күндүз гана иштеп, даттануулардын баарына жооп берүүгө жетишпейт.
"Мындан улам жарандардын саламаттыгын сактоо, калктын тынчтыгы менен тынчтык эрежелерин сактоо укуктарын натыйжалуу коргоо үчүн ички иштер органдарына калк жашаган пунктуларда же коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузгандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү сунушталууда", — деп жазылат маалыматта.
Ал үчүн 126 өлчөөчү прибор сатып алууга бюджеттен 44,1 миллион сом талап кылынат. Чыгым айыптардын эсебинен жабылышы ыктымал.
Ошондой эле калктуу конуштарда же болбосо коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузган жеке жактар 10 миң сомго, юридикалык жактар 28 миң сомго айыпка жыгылат.
Азанга тиешеси жок. Өлкөдө "түнкү тыныгуу" мезгилин аныктоо сунушталды