Пресс-борбор

Эксперт: Батыш басымынын алдында коңшулаш өлкөлөр менен алаканы чыңдоо зарыл

Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Батыш басым кылып жаткан шартта маданий, экономикалык жана тарыхый байланышы бар мамлекеттер менен жакындашуу зарыл. Мындай пикирди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эсен Усубалиев билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБдин алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн интеграциясы" аталышындагы иш-чарага катышкан.
Эксперттен Батыштын Борбор Азия өлкөлөрүн Россиядан алыстатуу аракеттери, анын ичинде санкциялар менен коркутуулары тескери натыйжа берип жатканы боюнча пикирин сурашкан.
"Ырас, бул саясат (Батыштын — ред.) өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын формалары кокусунан эмес экендигин көрсөтүүдө. Ошондой эле Батыштын басымы күчөп жаткан шартта экономикалык, маданий жана тарыхый жактан байланышы бар өлкөлөр менен жакын болушубуз керектигин айгинелеп турат", — деген Усубалиев.
Пресс-борбор
Эксперт: ШКУ Евразиядагы интеграция сөзсүз болчу процесс экенин көрсөттү