Чолпон-Атада КМШнын Туризм кеңешинин жыйыны өтүүдө

Чолпон-Атада КМШдагы туризм тармагын өнүктүрүү демилгелери талкууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы Максат Усубалиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин туризм боюнча кеңешинин жыйынын ачты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы Максат Усубалиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин туризм боюнча кеңешинин жыйынын ачты.

2 / 3

Усубалиевдин айтымында, аянтча КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы туризм тармагына жагымдуу шарттарды түзүү жана өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүү үчүн диалог жүргүзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

3 / 3

"Туризмден алынган экономикалык пайда уламдан-улам айкын болгон сайын КМШга мүчө мамлекеттердин маданий, тарыхый жана экономикалык байланыштарынын негизинде КМШнын жалпы туристтик мейкиндигин калыптандыруу зарылдыгы күчөп баратат", — деп белгиледи Усубалиев.
Атап айтканда, жолугушууда КМШдагы туризм чөйрөсүндөгү жаңы тенденциялар жана КМШга мүчө мамлекеттердин туризм тармагынын бирикмелеринин, ассоциацияларынын биргелешкен ишинин платформасын түзүү демилгелери талкууланды.
Радио
Креативдүү экономиканын өзөгү эмнеде? Туризм боюнча эксперттин пикири