Радио

Ырсалиев: Бишкектин көчөлөрүнө сапаты мыкты асфальт төшөлүүдө

Бишкек мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев жолдорду оңдоодо сапатка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.
Sputnik
Бишкекте негизги алты көчөгө асфальт төшөө үчүн 1,6 миллиард сом бөлүнгөн. Анда 22 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өтүп, 1,5 чакырым жол жаңы салынат. Бул тууралуу Жамалбек Ырсалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында оңдоп-түзөө иштери 31-августка чейин аяктайт.
"Буга чейин Бишкектин жолдору аң-чөнөк, балык кармаса болот деген сындар айтылып келген. Негизи бул жолдор көп жыл жасалбай туруп, чынында мышык ыйлай турган акыбалга келип калган эле. Азыр акчабыз кенен болгондуктан жолдордун баарын оңдоп-түзөөдөн өткөрөлү деп жатабыз. Негизи буга чейин айткан алты көчөдөн сырткары дагы иштер жүрүп жатат. Жалпы жонунан 44 жол жасалууда. Учурда шагыл, кум, таш даярдап үлгүрбөй, бир аз кармалып жатабыз, бирок белгиленген пландан алдыдабыз, жакшы сапатта жасалып жатат. Жолдон сырткары, чубалгылар жер алдына түшүрүлүп, арыктар жаңыланып, жолдун жээгиндеги мыйзамсыз чыгып алган үйлөр буздурулуп мыйзамдаштырылууда. Баарына архитектурадан дизайн-код алып, ошонун негизинде комплекстүү иш жүрүп жатат. Ушундан улам бул оңдоп-түзөө иштери элдин көңүлүн буруп жатат. Төшөлүп жаткан кесек асфальттын сапаты өтө жакшы болот, кышкысын өзү чогулуп, жайкысын эзилип турат. Ошондой эле анын сапатын атайын лабораторияда текшерип турган ишкана бар", — деди Ырсалиев.
Ошондой эле ал жол салган компаниялар үч жыл кепилдик берип, ага чейин бузулса оңдоп турарын кошумчалады.
Тема боюнча:
Бишкекте эки жаңы автобустук каттам ачылды. Схемасы