Резонанс жараткан Айтургандын өлүмү. Милиция териштирүү баштады

Милициянын маалыматы боюнча, сөөктү сырттан кароодо эч кандай жаракаттар аныкталган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Социалдык тармактарда маркум Айтурган Маматкулованын жакындарынын видеокайрылуусу тарап жатат.
Туугандары 25 жаштагы келин 7-июль күнү ооруканада каза болгонун билдиришкен. Ал эми анын жолдошу жубайы өз өмүрүнө кол салганын айтууда. Туугандары болсо Маматкулова киши колдуу болгон деп шекшип жатышат.
Келиндин жолдошу анын туугандарына Ысык-Көлдөн Бишкекке келип мейманканада түнөшкөнүн, ошол жайдан жубайы өз жанын кыйганын айтып берген. Бирок Маматкулованын жакындары буга ишенбей, апасы күйөө баласы буга чейин кызына кол көтөргөнүн, ошондой эле баңгизат менен алектенип жүргөнүн билдирген. Кыздын жакындарынын айтымында, анын денесинде гематомалар байкалган.
7-июль күнү 102 номерине ооруканада келин каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат журналына катталган.
"Кийинчерээк материалдар Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген (окуя болгон аймак). Сөөктү сырттан кароодо эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Дарыгердин алгачкы корутундусунда "Медикаментке уулануу. Суицид. Курч жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги" деп жазылган", — деди милиция.
Укук коргоо органдары толугураак маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.
Акыйкатчы суицид катталган Сокулуктагы камераны көрүп чыкты. Сүрөт