Канайым Айгүл Жапарова Беларуска барды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Биринчи айым Айгүл Жапарова "Славян базары" фестивалына катышуу үчүн Беларусь Республикасына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Айгүл Жапарованы Минскиден Беларустун эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко тосуп алган.
1 / 3

Биринчи айым Айгүл Жапарова "Славян базары" фестивалына катышуу үчүн Беларусь Республикасына барды

2 / 3

Сапардын алкагында канайым Беларустун Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту

3 / 3

Анда Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын түрдүү тармактарында, анын ичинде парламенттер аралык, саламаттык сактоо жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча кеп болгон

Сапардын алкагында канайым Беларустун Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын түрдүү тармактарында, анын ичинде парламенттер аралык, саламаттык сактоо жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча кеп болгон.
Наталья Кочанова Айгүл Жапаровага "Славян базары" фестивалына катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, ага быйыл 30дан ашык өлкө келгенин, анын ичинде Кыргызстан да бар экенин белгиледи.
Биринчи айым аталган фестиваль кеңейип, көптөгөн өлкөлөрдүн түрдүү элдерин жана маданияттарын бириктирген олуттуу окуяга айланганын канааттануу менен белгиледи.
Радио
Тойгонбаева: "Славян базары" фестивалына тандоо жүрдү