Чүйдө эл аралык деңгээлдеги Байтик тоо курортун россиялык компания курат

Тоо курортун куруу боюнча Улуттук инвестициялык агенттик менен россиялык компания жана Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда үч тараптуу меморандум түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Чүйдө эл аралык деңгээлдеги Байтик тоо курортун куруу пландалууда. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, агенттик менен россиялык "Васта Дискавери" ЖЧКсы жана Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлган.
Алар Чүй облусунда Baytik Mountain Resort тоо-туристтик кластерин курууну ниеттенишүүдө. Ошондой эле меморандум өлкөдө лыжа кластерлерин өнүктүрүү, куруу жана эксплуатациялоо үчүн инвестицияларды тартуу, инфраструктураны жакшыртуу жана туристтер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча кызматташууну карайт.
"Курорттун долбоору 15 асма жолду, 36 лыжа трассасын (жалпы узундугу 57 чакырымдан ашык), төрт туристтик айыл жана эл аралык мелдештерди (Олимпиадалык оюндар, Лыжа жана сноуборд боюнча дүйнөлүк кубок) өткөрүүгө ылайыкталган лыжа комплексин камтыйт", — деди Иманов.
Меморандумда ЕӨБ долбоорду насыялоого даярдыгы каралган.
Тоого барып аман-эсен эс алып келем дегендер үчүн көңүлгө түйчү эрежелер