Индиядан сыйлык алган “Үмүтсүз аяк” тасмасы оператордун көз карашында

Sputnik
Бул ирет «Стоп кадр» программасында биз Индиядан “Кыска метраждуу тасмалар” фестивалынан 2024-жылдын май-июнь айларындагы жарышта мыкты деп табылган “Үмүтсүз аяк” тасмасы тууралуу кеп кылдык. Эфирибизде аталган фильмге операторлук кылган Ислам Алтынбеков болду. Анын айтымында, тасмада негизинен үй-бүлөдө жубайлардын бири-бирине болгон ишеничи баяндалган. Ал эми тасманын аталышына байланышкан тарабы болсо акыр заманга тиешелүү кадрлардын болгону. Долбоор Бишкек шаарында тартылып, көбүнчө жер төлөөлөрдөгү кадрларга басым жасалган.
Ислам Алтынбеков Индиядан алган сыйлык чыгармачыл топтун ийгилигинин башаты деп эсептейт.