50 пайыз көтөрүлгөн айлык, 20 миң сом компенсация! Айылдык дарыгерлердин ажаты ачылды

Sputnik
Президент Садыр Жапарова 1-июлда дарыгерлердин маянасын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду. Максаты алыскы аймактарда саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатуу ошондой эле элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү болуп саналат. Анда 1-июлдан тарта аймактарда адис дарыгерлердин айлык акысына 20 миң сомдон кошулат. Ал эми депозит программасы менен жаш дарыгерлердин айлык акысы 35-37 миң сомго чейин көбөйтүлөрү күтүлүүдө.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилигинин пландоо жана каржылоо бөлүмүнүн башчысы Эламан Чаргынбаев айтып берди.