Казылган Бишкек - жолдорго асфальт төшөө иштери кандай жүрүп жатат?

Sputnik
Бишкек шаарында унаа жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында Жибек Жолу, Иса Ахунбаев, Байтик баатыр сындуу негизги көчөлөр жаңы асфальт төшөө иштери үчүн жабылды. Мэрия буга чейин аталган жолдордун колдонуу мөөнөтү бүтүп калганын, тургундардан арыз-дооматтар көп түшкөнүн кабарлаган. Борбордо жаңы асфальт төшөө иштери кандай жүрүп жатат? Анын сапаты кандай? каражаты канча?
деген сындуу суроолорго Бишкек шаарынын транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиевди чакырдык.