Кыргызстан эгемендик алгандан бери үчүнчү ирет эл жана турак жай фондун каттоону өткөрдү. Бул өнөктүк биринчи ирет 1999-жылы болуп, ар 10 жыл сайын өткөрүлөт. Кыргызстандын калкынын санынын өсүү темпи кандай? Калктын социалдык-экономикалык абалы кандай өзгөрүп жатат жана ага миграция кандай таасир берүүдө? Өлкөнүн демографиялык саясатынын концепциясы иштелип чыктыбы? Төрөлгөндөр, өлгөндөрдүн саны өзгөрүүдөбү?
Ушул суроолорго Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев жана БУУнун Калк фондунун башчысы Бактыбек Кайназаров жооп беришти.