Садыр Жапаров капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки "Теплые ключи" курортун көрдү

Жапаров санаторийдин кызматкерлери менен маектешип, иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге эмгек акыны жогорулатуу маселесин кароону тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров капиталдык реконструкциядан кийинки "Теплые ключи" санаторий-курорттук комплексине барып көргөнүн маалымат кызматы кабарлады.
Чүй облусунда жайгашкан комплекс энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн өндүрүштүн зыяндуу шарттарынан дарылоо, саламаттыгын чыңдоо жана эс алуу максатында ишке киргизилгени маалым. Комплексте эч кандай оңдоо иштери жасалган эмес. Бардык тазалоочу курулмалары жарактан чыгып, талаптарга жооп бербегендиктен санаторий жараксыз болуп калган.
1 / 7

Президент Садыр Жапаров капиталдык реконструкциядан кийинки "Теплые ключи" санаторий-курорттук комплексине барып көргөнүн маалымат кызматы кабарлады

2 / 7

Чүй облусунда жайгашкан комплекс энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн өндүрүштүн зыяндуу шарттарынан дарылоо, саламаттыгын чыңдоо жана эс алуу максатында ишке киргизилгени маалым

3 / 7

Комплексте эч кандай оңдоо иштери жасалган эмес

4 / 7

Бардык тазалоочу курулмалары жарактан чыгып, талаптарга жооп бербегендиктен санаторий жараксыз болуп калган

5 / 7

Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-жылдын 31-январында комплекс президенттин Иш башкармалыгына өткөрүп берилип, калыбына келтирүү иштери башталган

6 / 7

Комплекстин экинчи бөлүгүнөн мамлекет башчысы капчыгайды карап курулган ачык терраса, 100 орундуу ресторан, реконструкцияланган бассейн, радон суусу жана мончо, парафин менен кайра жасалган дарылоо бөлмөлөрү жана башкалар менен таанышканы белгиленген.

7 / 7

Имараттын ичинде желдетүү тутуму орнотулган. Мындан тышкары, каньондон комплекске чейинки жол дагы асфальтталганы айтылды.

Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-жылдын 31-январында комплекс президенттин Иш башкармалыгына өткөрүп берилип, калыбына келтирүү иштери башталган.
"Президент алты айдын ичинде коттедждер оңдолуп, эмеректери жана электр жабдуулары жаңыланган биринчи бөлүгүн көрүп чыкты. Анда ошондой эле электр жарыгы жана интернет кошулуп, радондук сантехника калыбына келтирилген. Ар бир бөлмөдө смарт-ачкычтар орнотулган. Ашканасы жаңы жабдуулар менен модернизацияланды. Мындан тышкары, тейлөөчү кызматкерлер үчүн имарат курулган. Бардык ички жолдору асфальтталып, тротуардык такта төшөлгөн. Куураган бак-дарактардын ордуна арча, Тянь-Шань карагайы, гүлдөр отургузулган. Аянт көрктөндүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Комплекстин экинчи бөлүгүнөн мамлекет башчысы капчыгайды карап курулган ачык терраса, 100 орундуу ресторан, реконструкцияланган бассейн, радон суусу жана мончо, парафин менен кайра жасалган дарылоо бөлмөлөрү жана башкалар менен таанышканы белгиленген. Имараттын ичинде желдетүү тутуму орнотулган. Мындан тышкары, каньондон комплекске чейинки жол дагы асфальтталганы айтылды.
Жапаров санаторийдин кызматкерлери менен маектешип, иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге эмгек акыны жогорулатуу маселесин кароону тапшырды.
Президент комплексте түзүлгөн шарттар Ала-Арча сыяктуу эс алуу жайларындагы жүгүн жеңилдетүүгө жардам берерин белгилеп, санаторий кыргызстандыктарды да, туристтерди кабыл алууга даяр экенин айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден НАТО космостогу аймагын да коргоого даяр экенин айтты